• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлердин жана ведомство жетекчилеринин орун басарлары квалификациясын жогорулатышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-мартынан 21-апрелине чейин КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Мыйзам долбоорун даярдоо, сунуштоо жана коргоо», «Ишкердик мамлекеттик тил», «Эл алдында сүйлөө жана бетачарды сунуштоо көндүмдөрү», «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу», «Мамлекеттик кызматкердин этикасы» деген темаларда тренингдер өткөрүлүүдө.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, окууга министрлердин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары – бардыгы болуп 74 мамлекеттик кызматкер катышууда.

Лекторлордун арасында мамлекеттик жана коомдук ишмерлер – КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевдер бар.

Ошондой эле тренингдин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтунун директору Аязбек Жаркынбаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиевдер баяндама жасады.

Алдыдагы лекцияларга коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, академик Чолпонкул Арабаев чакырылган.

Тренингдердин жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер мыйзам долбоорлорун даярдоо жана коргоо, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, эл алдында чыгып сүйлөө боюнча зарыл билимдерди алышат.

Учурда райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөт башчыларын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасына окутууга даярдыктар көрүлүүдө.

Жалпысынан квалификацияны жогорулатууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, анын ичинде КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери тартылат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү зарылдыгы тууралуу сунушту буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров киргизген.

Пикир

Оставить комментарий