• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашуун бала сууга чөгүп кеткен

Коом 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 6 айында эле 60тан ашуун жашы жете элек бала көлмөлөргө чөгүп кеткен. Бул тууралуу статистикага таянып Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан
көлмөлөрдүн жанында жана өлкөнүн дарыяларынын жээктеринде жайкы эс алуу жайларын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көлмөлөрдөгү коопсуздук чаралары, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо жана өз буюмдарын кароосуз калтырбоо жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүгө, ал эми, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин жана балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий