• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонд: Жыл башынан бери пенсияга 35,5 млрд сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-июнь айларында пенсияга 35 млрд 577 млн 531 миң 879 сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:

- Бишкек шаарында — 5 млрд 672 млн 402 миң 952 сом;

- Чүй облусунда — 5 млрд 347 млн 534 миң 306 сом;

- Нарын облусунда — 2 млрд 804 млн 814 миң 258 сом;

- Ысык-Көл облусунда — 3 млрд 232 млн 761 миң 87 сом;

- Талас облусунда — 1 млрд 482 млн 113 миң 223 сом;

- Ош шаарында — 1 млрд 271 млн 593 миң 91сом;

- Ош облусунда — 6 млрд 554 млн 407 миң 967сом;

- Баткен облусунда — 3 млрд 45 млн 338 миң 458 сом;

- Жалал-Абад облусунда — 6 млрд 166 млн 566 миң 536 сом.

Пенсиянын каржылануусу 2022-жылдын алты айында 27 млрд 326 млн 784 миң 791 сом түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий