• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте «KyrgyzBuild 2017» 15-эл аралык курулуш көргөзмөсү өтүп жатат

Экономика 0

Бишкек, 30-март /Роман Гайнанов - Кабар/. Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жыл сайын өтүүчү «Kyrgyz Build 2017» эл аралык курулуш көргөзмөсү өтүп жатат.

«Kyrgyz Build 2017» жармаңкеси аянтта беш багытта өндүрүүчүлөрдү жана дистрибьюторлорду бириктирет: «Kyrgyz Build» - “Курулуш жана интерьер, жылуулук жана вентиляция, терезе, каалга, фасаддар”, «Energy Expo» - “Энергетика жана жарык берүү, калыбына келүүчү жана салттуу эмес энергия булактары”, «Realty Expo» - “Кыймылсыз мүлк жана инвестициялар», «Kyrgyz Comex» - “Жол курулушу, атайын техника жана камсыздоочу жабдыктар” жана «SPEX» - “Өнөр жай коопсуздугу, куткаруу каражаттары жана өрткө каршы коргонуу”.

Маарекелик экспозицияга дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 64 компания катышат. Булар Россия, Казакстан, Беларусь, Украина, Кытай, Түркия, Кыргызстан, Германия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынан, Италия, Швейцария, Польшадан ишенимдүү салттуу катышуучу компаниялар жана Кыргызстандын ири өндүрүүчү заводдорунун 110 расмий өкүлү стенддери менен катышууда.

2016-жылдын 30-мартынан 1-апрелге чейин Бишкекте өткөн 14-маарекелик эл аралык жармаңкесине дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 4000 адам келген. Алардын негизги бөлүгү тармактык адистер, курулуш, энергетика тармагындагы менеджерлер жана маркетологдор, ошондой эле, ар кыл ишканалардын жетекчилери. Форумдун бириккен экспозициясы бир аянтта дүйнөнүн 7 өлкөсүнүн 60 компаниясы менен сунушталган. Экспоненттерди 130 стенд менен КРнын ири завод-ишканаларынын өкүлдөрү толукташкан.

Пикир

Оставить комментарий