• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Халал паркын куруунун ТЭНин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат

Экономика 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо боюнча иштер аяктап жатат, деп билдирет Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык өнүктүрүү банкы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасындагы эт халал паркы” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо кабыл алынып, 2019-жылдын 16-декабрында күчүнө кирди.

Макулдашуунун негизги максаты эл аралык стандарттарга жооп берген Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо болуп саналат.
Учурда Кыргызстанда Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат.

Ошондой эле, макулдашуунун алкагында КРнын, ИӨБ (280 миң доллар) жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын (100 миң доллар) пайдасына кайтарымсыз негизде 380 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам тартуу каралган, ошондой эле кыргыз тараптын долбоорду иштеп чыгууга кошкон салымы 50,0 миң долларды түзөт.

Халал паркын курууга жана ишке ашырууга пландалган сумма 54,5 миллион долларды түзөт.

Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында 2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз-Малайзия корпорациясынын Консорциуму, The Chambers Shamsul Qamar жана HalNex Sdn Bhd менен Халал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлган.

2023-жылдын 27-июлунда жогорудагы жумушчу топ кезектеги отурумунда халал паркынын ТЭО-3 Компоненти боюнча Консорциумдун берилген отчетун карап чыкты жана кабыл алды.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, жыйынтыктоочу отчет аяктагандан кийин Халал паркын курууга каражат табуу маселеси иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий