• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. КР ИИМдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Казакстанстандын Астана шаарында өткөн «Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын жетекчилеринин ролу» темасындагы окутуу-тренингине катышып, тажрыйба алмашышты.

КР ИИМден кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана АКШ өлкөлөрүнөн 30дан ашык укук коргоо кызматкерлери катышты.

Окутуу семинарынын жүрүшүндө АКШдан келген эксперт-тренерлер экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында теориялык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү менен АКШда жана чет мамлекеттердеги экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролу боюнча тажрыйбаларды бөлүшүү аркылуу интерактив форматында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Мындан сырткары, Казакстандагы, Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнүн ыкмалары жана тажрыйбалары менен маалымат алмашылып, кызматташуу маселелери талкууланды.

Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан даярдалган сертификат тапшыруу менен эксперттер тарабынан семинарда колдонуу үчүн усулдук китепчелер таратылды.

Белгилей кетсек, семинар 2023-жылдын 4-сентябрынан 15-сентябрына чейин АКШнын Кыргызстандагыэлчилигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий