• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министри Максүтов Өзбекстандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 21.04.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, мпорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана министрлик тейлеген багыттар боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө ишиндеги мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын ачылыш аземине өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле министр менен элчи Өзбекстандын мамлекет башчысынын Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды аткаруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты, анын бир пункту менен быйылкы жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн өткөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий