• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында үйлөр жана май куйуучу бекеттер дагы күйгөн.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий