• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүр шаардык бюджетинде 5,6 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын бюджетине аудит жүргүзүлүп, 5,6 млн сомдук бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү органдар тарабынан Таш-Көмүр шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке шаардык мамлекеттик администрациясы, Финансы министрлигинин Таш-Көмүр финансы башкармалыгы, Таш-Көмүр шаарынын айыл өкмөттөрү, шаардагы өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 5 млн 612,1 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 1 млн 126,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 120,3 миң сом, ордуна коюлбаганы 1 млн сомндон ашты, бузуулардын классификатору боюнча:

- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, туумдарды жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөнү 3,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда ордуна коюлган жок;

- кызматкерлердин эмгегине акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар (кызматтык акыларды, үстөк акыларды негизсиз көтөрүү, ашыкча штат бирдигин кармоо, негизсиз берилген сыйлык жана башка кошуп төлөөлөр) 4582,9 миң сом, андан ордуна коюлууга тийш болгон сумма 118,5 миң сом, толук ордуна коюлган;

- курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу 995,9 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;

- товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 21,6 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчу майлар, электр энергиясына салынган жазаналар);

- эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргузүүдөгу бузуулар 8,4 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, 1,8 миң сом калыбына келтрилген, 6,6 миң сом калыбына келтирилген жок.

Пикир

Оставить комментарий