• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков: Орозо айы мусулман калкы үчүн өзгөчө мааниге ээ

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ыйык Орозо айынын башталышына карата кыргызстандыктарга куттукттоо жолдоду,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Анда мындай деп айтылат;

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм.

Орозо айы мусулман калкы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ыйык айда таңдан күн батканга чейин тамак ичпей, эркти бекемдөө менен руханий жактан тазалануу максаты коюлган. Андан тышкары, бул айда жакшы иштерди гана жасап, муктаждарга жардам берүү менен жабыркагандарга кайрымдуулук кылууну адатка айлантуубуз зарыл.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул ыйык Орозо айынын башталышына байланыштуу баарыңыздарга сабырдуулук, ден-соолук жана руханий өсүп-өнүгүүнү каалайм!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий