• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Улуу Британиянын парламенттеринин тармактык комитеттеринин төрагалары жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Лондон шаарында Улуу Британиянын Общиналар палатасынын Бизнес жана соода боюнча комитетинин төрагасы Лиам Бернс менен жолугушту.

ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдиргендей, парламенттердин тармактык комитеттеринин төрагаларынын жолугушуусунда эки тараптуу алакаларды арттыруу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов акыркы жылдары эки өлкөнүн алакасы ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

«Буга чейин депутаттарыбыз ортосунда эки тараптуу иш сапарлар уюштурулуп, эл аралык аянтчаларда жолугушуулар өткөрүлүп келген. Эми Төрагабыз баштаган парламенттик делегация Улуу Британияга расмий сапар менен келип, тарыхый маанидеги жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Бул сөзсүз жыйынтыгын берип, алкаларыбызды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин», – деди Примов.

Ошондой эле Улан Примов инвестиция тармагында кызматташтыкты күчөтүү зарылчылыгына токтолуп, Кыргызстандын тоо кен, гидроэнергетика, жашыл экономика өңдүү тармактарында мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң экенин мисал кылды.

Ал эми Общиналар палатасынын Бизнес жана соода боюнча комитетинин төрагасы Лиам Бернс бул тарыхый сапар Улуу Британиянын бюджети парламентте каралып жаткан учурга туш келгенин белгилеп, саясий-экономикалык кызматташтык эки өлкөгө тең маанилүү экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, өткөн жылы өзү да үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келип кеткенин, Соң-Көлдү көрүп, кооз жаратылышыбыз ага өзгөчө таасир бергенин айтты.

«Туризм жаатында да сиздердин мүмкүнчүлүктөрүңөр өтө чоң. Андыктан бардык багыттарда алакаларды арттырып, мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүбүз керек», – деди Лиам Бернс.

Пикир

Оставить комментарий