• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Июнда Кыргызстан менен Ирандын ортосунда түз аба каттамы ачылары пландалууда - спикер

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасынын жол жана шаар куруу боюнча министри, Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын теӊ төрагасы Аббас Ахмад Ахунди менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Чыныбай Турсунбеков азыркы тапта "Эйр Манас" кыргыз авиакомпаниясы менен иран агенттиктери жана "Махан Эйр", "Джан Эйр" авиакомпаниялары ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. "Ирандын Кыргызстандагы жеӊилдетилген виза режимине ээ өлкөлөрдүн тизмесине киргизилиши жана түз аба каттамынын ачылышы эки өлкөнүн ишкерлеринин тыгыз иш алып баруусуна шарт түзүп, Кыргызстанга көп сандагы ирандык туристерди тартууга көмөкчү болот", - деген Төрага, парламент тарабынын кыргыз өкмөтүнө электрондук визаны киргизүү маселелесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Ошондой эле, тараптар "Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Афганистан-Иран" каттамындагы темир жолду куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Бул боюнча Төрага Чыныбай Турсунбеков аталган долбоорду иш ашыруу Кыргызстан үчүн да, Иран үчүн да экономикалык багыттагы стратегиялык өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди.

Өз кезегинде Иран министри Аббас Ахмад Ахунди жогоруда айтылган темир жолдун долбоорун талкуулоо максатында иран тарап баардык беш кызыктар өлкө менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатканын айтты. Ал инвесторлорду, анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) сыяктуу эл аралык каржы институттарын издөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Иран тарап бантык чөйрөдө кызматташуу зарылчылыгына өзгөчө көӊүл буруу керектигин белгилешти.

Андан тышкары, тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын деӊгээли төмөн экендигине токтолушту. "Эки тараптуу кызматташтыктын экономикалык багытын кеӊейтүү зарыл" деген Чыныбай Турсунбеков, баардык долбоорлордун ишке ашырылышы эки мамлекеттин кызматташтыгын жаӊы деӊгээлге көтөрүүгө, андан тышкары, жалпы аймактын өнүгүшүнө жакшы шарт түзө турганын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация 23-апрелден 27-апрелге чейин Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапар менен болот. Делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Жыргалбек Турускулов, Данияр Аттокуров, Абдимуктар Маматовдор бар.

Пикир

Оставить комментарий