• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуучуларга ысык тамак берүү мыйзамдаштырылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова мыйзам долбоорун жалпы жыйынга алып чыкты.

Башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Бирок, бул жүрүм мыйзам түрүндө бекитилген эмес. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга (1-4) ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган.

Талкууда депутаттар ысык тамак даярдоого керектелген айыл чарба өнүмдөрүнүн сапаты ким тарабынан көзөмөлдөнөөрүн такташты. Ошондой эле эл өкүлдөрү, айрыкча, дотацияда отурган айыл өкмөттөрүндө ысык тамак берүүдө ашканалардын талапка жооп бербеген абалда тургандыгын айтып, Билим берүү, илим министрлигин ушул багытта иш алпарууга чакырышты.

Талкуу жараткан маселе ысык тамак даярдоодо керектелүүчү азык-түлүктөрдү өндүрүү үчүн айыл өкмөттөрдөн жер тилкесинин суралышы бир катар кайчы пикирлерди жаратты.

Пикир

Оставить комментарий