• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Германиядагы элчиси иш сапары менен Бавария Федералдык жерине барды

Саясат 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев иш сапары менен Бавария Федералдык жерине барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-сапарынын алкагында элчи Мюнхен шаарында Жогорку Бавария жана Мюнхендин Соода-өнөр жай палатасынын Тышкы экономикалык башкармалыгынын жетекчиси Ф. Доллендорф жана «Чыгыш-Батыш Бавариянын экономикалык форуму» уюмунун вице-президенти Х.Пёниш менен жолугушкан.

Жолугушууда ушул жылдын 15-апрелинде Мюнхен шаарында өткөн кыргыз-герман бизнес форумунун жыйынтыктары каралып, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Ошондой эле Оторбаев Соода-өнөр жай палатасынын имаратында Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингиядагы ардактуу консулу Райнхольд Креммель менен жолугушуп, КРнын Бавария жана Тюрингияда ардактуу башкы консулу болуп дайындалышы тууралуу консулдук патентти тапшырып, кызматында жогорулашы менен куттуктаган.

"Райнхольд Креммель 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингияда ардактуу консулу болуп эмгектенип, кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүүсүнө жана бекемдөөсүнө активдүү көмөк көрсөтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Оторбаев, Тауфкирхен шаарындагы топоздорду кармаган «Yaktzucht Kohl» үй-бүлөлүк фермасына барган.

Министрликтен белгилешкендей, аталган ферма менен Кыргызстандын топозчуларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн байланыштар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий