• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кытайдын тышкы иштер министринин расмий жолугушуусу "Ала-Арча" резиденциясында болуп өтөт.

Министрлер тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир нече документке кол коюлуп, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасалат.

Ошондой эле Кытайдын тышкы иштер министринин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий