• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл байрагыбыз жеңиштерде желбирей берсин! Төрага кыргызстандыктарды куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.08.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август – Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мындан туура 32 жыл мурун 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы туурулуу декларация" кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяланган.

Эгемендүүлүккө ээ болгон бул жылдар аралыгында өлкөбүз көп өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Бир канча ирет бийлик алмашты, саясий система өзгөрдү. Бирок, жарандарыбыздын жаркын келечекке болгон ишеними жана Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга кылган аракети эч өзгөргөн жок. Анткени элибиз эзелтен эркиндикке умтулуп, дайыма көз карандысыздык үчүн күрөшкөн.

Акыркы жылдары өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы барагын ачып, бардык бийлик бутактары мыйзам үстөмдүгү орногон, күчтүү экономикага ээ мамлекет куруу аракетинде. Бардык тармактарда олуттуу реформалар жүргүзүлүп, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Социалдык мекемелер курулуп, айлык маяналар, пенсия, жөлөк пулдар эселеп көтөрүлүүдө. Иш орундары түзүлүп, инфраструктура жакшырууда. Албетте бул чек эмес. Ынтымак жана биримдик менен дагы алдыга умтулсак, жакынкы аралыкта Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айлантарыбыз анык. Андыктан, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн талыкпай эмгектенели. Улуттук баалуулуктарыбызды унут калтырбай, урпактарыбызга жеткирели.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мекенибизге тынчтык, элибизге ынтымак менен биримдик каалайм! Кызыл байрагыбыз жеңиштерде желбиреп, түндүгүбүз бийик, уугубуз бекем, керегебиз кенен болсун!

Жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, калкыбыз бакубатчылыкта өнүгө берсин!

Майрамыңыздар менен!"

Пикир

Оставить комментарий