• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жумабеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) ишмердүүлүгү, өлкөдөгү маалыматтык коопсуздукту камсыздоодогу ролу тууралуу сөз болуп, мекемедеги айрым маселелер жөнүндө да айтылды.

Төрага Дастанбек Жумабеков мамлекеттеги маалымат саясатын жүргүзүүдө жана калкты бейтарап, туура кабарлар менен камсыздоодо КТРКнын мааниси жогору экенин белгилеп: “Аты эле айтып тургандай КТРК коомдук кызыкчылыкты коргогон, элдин маданий-руханий көрөңгөсүн байыткан, өлкөдөгү демократиялык жаңыланууларды өнүктүрүүгө салым кошкон маалымат каражаты болушу керек”, – деди.

Өз кезегинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгонбаев айрым көйгөйлөргө токтолуп: “Жылдан-жылга технология алмашып, калктын да сапаттуу материалдарга карата талабы артууда. Андыктан, КТРКнын курамындагы 6 телеканал менен 5 радионун ишине түздөн-түз таасир берчү заманбап техникаларды алуу үчүн каржы жетишсиздиги курч. Жогорку Кеңеш жана Өкмөт аталган маселени өз көзөмөлүңүздөргө алып, маалымат айдыңындагы мааниси жогору корпорациянын бюджетин көбөйтүүгө көмөктөшсөңүздөр”, – деди.

Ал эми Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жылдыз Бакашева менен Кубат Болотканов сапаттуу контентти түзүүдө мыкты кадрлар керек экенин белгилешип, алардын айлык маянасын көтөрүү маселеси да актуалдуу экенине токтолушту.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган сунуштарды парламенттин тиешелүү комитетинин мүчөлөрү менен талкуулап бюджетти кароо учурунда эске аларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий