• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери түнкү нөөмөттөн кийин унаада уктап калышкан - видео

Коом 0


Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Бишкекте көчөдө кетип бараткан адамдар Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин унаасында уктап жатканын видеого тартып алышкан.

"Кабар" агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал кызматкерлер түнкү нөөмөттөн чыгышкан. “Аларды түшүнсө болот, бирок ага карабастан бул факт боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында маалымат берилет”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий