• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте аз камсыз болгондорго акысыз реконструкциялык операциялар жасалат

Ден соолук 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Айнура Сагынбаеванын пластикалык хирургия клиникасынын дарыгерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү бейтаптарга акысыз реконструкциялык операцияларды жасашат.

Клиниканын жетекчиси Айнура Сагынбаеванын айтымында, аларга нышан, күйүктөн кийинки бузулуулар, кош бармактык, беттеги ири тырыктарды жана тактарды кетирүү боюнча кайрыла алышат. Мындай операциялар бир айда 1-2 жолу жасалмакчы.

Ал белгилегендей, кайрымдуулук операцияларынын максаты туубаса же пайда болгон бузуулары бар, бирок дарыгерге кайрылууга каражаты жок адамдарга жардам берүү болуп саналат.

“Клиникабыздагы реконструкциялык хирургия коммерциялык катары гана каралбашы керек. Биз мүмкүнчүлүгүбүздөн пайдаланып, аз камсыз болгондорго акысыз операцияларды жасап, жардам көрсөтүүнү каалайбыз. Адамдарга жакшылык кылуу, көмөктөшүү адистерибиздин алдыңкы максаттарынан. Бизде тажрыйбалуу хирургдар иштешет”, - деп белгиледи А.Сагынбаева.

Мындан тышкары, алдамчылардын кайрылуусуна жол бербөө үчүн алардын социалдык абалы текшерилет.

Кеңири маалымат үчүн 0773 71-69-71 номерине кайрылыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий