• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда этнотуризмди жайылтуу зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргызстандагы туризм тармагынын азыркы абалы жана келечеги талкууланып жатканда, ушундай пикирлер айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Туризм департаментинин директору Азамат Жамангулов Кыргызстанда пляждык туризмден тышкары, тоо туризмин, эко жана этнотуризмдерди өнүктүрүү зарылчылыгына токтолуп: "Өлкөнүн маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуу менен, комплекстүү чараларды кабыл алышыбыз керек. Айрыкча, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды жайылтуу зарыл. Ошондой эле, туризм департаментинин деӊгээлин көтөрүп, анда иштеген кызматкерлердин санын арттыруу зарыл", - деди.

Ушу тапта аталган департаментте 11 гана кызматкер иштей турганын, келечекте алардын санын 30га жеткирүү зарылдыгын белгиледи. Ал туризмдин өнүгүшү салыктык кирешени гана арттырбастан, өлкөгө келген ар бир турист беш жумушчу орунун түзөрүн белгиледи.

Ал эми депутаттар туризм аркылуу көптөгөн өлкөлөр өнүгүп жатканын айтып, Кыргызстанда көп багыттуу туризм менен катар, улуттук баалуулуктарды таанытууга багытталган этнотуризмди жайылтуу зарылчылыгына токтолушту. Алсак, депутат Дастан Бекешев, кыргыздын улуттук оюндары дүйнө коомчулугун кайдыгер калтырбай турганын билдирип, Ысык-Көл менен кышкы тоо туризмин гана карап олтурбастан, көп багыттуу иш алып барууга чакырды.

Эске салсак, ушул жылдын 27-майында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча тегерек үстөл уюштурулуп, анда туризм тармагын жакшыртууга багытталган мыйзамдык базаны чыӊдоо зарылчылыгы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий