• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутаттар «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кечээ, 29-июлдагы жыйынында депутаттар «КРнын министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун карап, I окууда кабыл алышты. Демилгечи – КР президенти.

Мыйзам долбоору КР Конституциясын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. Документ министрлер кабинетинин укуктук макамын, анын түзүмүн жана курамын, ыйгарым укуктарын, жоопкерчилигин, ишмердүүлүктү уюштуруу тартибин, андан тышкары министрлер кабинетинин Жогорку Кеңеш жана бийликтин башка органдары менен өз ара аракеттеринин тартибин аныктайт. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда министрлер кабинетинин курамын дайындоо жана түзүүнүн жаңы тартиби жазылган.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул мыйзам долбоору депутаттык корпустун сунушу менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөнүн эске салышты.

Пикир

Оставить комментарий