• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жогорку соттун төрагасы Талас облустук сотунун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 1-июлда Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Замирбек Базарбеков өзүнүн иш сапарын Талас облустук сотуна баруу менен баштады. Жеринде аталган соттун судьялары, райондук соттордун төрагалары, апелляциялык инстанциядагы соттун аппаратынын кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө сот бийлигинин жогорку органынын төрагасы ар кандай категориядагы иштерди кароодо кемчиликтер бар экендигин белгиледи. Тактап айтканда, Замирбек Базарбеков анча оор эмес жана оор кылмыштар боюнча кароонун мөөнөтүн өткөрүп жиберген конкреттүү мисалдарды айтты. Учурдагы кемчиликтерди жоюу жана келечекте аларды жок кылуу милдети жүктөлдү.

Кеңешменин катышуучулары өздөрүнүн суроолорун беришип, анда көчүп баруу үчүн компенсация, материалдык камсыздоо маселелери көтөрүлдү. Министрлер кабинети каражат таап, чыгымдарды жаба тургандыгы түшүндүрүлүп, жакынкы аралыкта жергиликтүү соттордун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулашы күтүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Талас облустук сотунун төрагасы Алмазбек Абдылдаев Замирбек Базарбековду сот органынын иши: жумушчу кабинеттердин, сот жыйындарынын залдарынын жана архивдин абалы менен тааныштырды, ошондой эле автоматташтырылган "Сот" маалымат тутумунун иштеши, судьялардын ортосунда иштерди бирдей бөлүштүрүү жана сот отурумдарын аудио-видео фиксациялоо тутумун колдонуу үчүн жооптуу программа көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы Талас облусуна которулган айрым судьялардын турак жай шарттары менен таанышты.

Белгилей кетсек, Сотторду ротациялоо боюнча президенттин жарлыгына ылайык, Талас облусунун жергиликтүү сотторуна 20 судья которулуп келип иштерин улантып жатышат, анын ичинен 8 судья Талас облустук сотуна Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын сотторунан которулуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий