• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 100 балага ооз ачырылып, 20 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты “Хадия камкор” фонду менен биргеликте 100 балага ооз ачтырып, 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды таратты. Бул тууралуу муфтияттын кабарлашты.

Окуу жана мечит боюнча адис Арпидин Жороев билдиргендей, казыятка жардам сурап кайрылгандардын саны арбын.

"Алардын муктаждыгын чечүүдө берешен, ачык кол инсандар жана кайрымдуулук фонддор менен биргеликте иш алып барабыз. Бул жолу 100 томолой жана жарым жетим балдардын көңүлүн алып, “Хадия камкор” фонду менен чогуу аларга майрамдык дасторкон жайып, ифтарлык кечин уюштурдук. Мындан сырткары 20 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчаларды тараттык. Улуу Рамазан айында кармаган орозолорубузду Аллахым кабыл кылсын. Берешен кайрымдуу инсандарыбыз көп болсун” – деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий