• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрия: Бишкектеги күндүзгү стационарларга 8 миңден ашуун шаар тургуну кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында мэрия тарабынан жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандар келип, кеп-кеңеш алып, ийне сайдырып кетүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 8-июль саат 22:00гө карата алынган маалыматтарга ылайык, күндүзгү стационарларга 8 миң 86 бейтап кайрылган. Анын ичинен 6 миң 673үнө капельница жана укол сайылып, 1 миң 349на медициналык кеп-кеңеш берилип, 57 адам ооруканага жаткырылган.

"Тилекке каршы, күн мурун Свердлов райондук стационарда үч адам каза болду, жалпы жети адам көз жумду. Тогуз стационарда 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитар, ординаторлор жана ыктыярчылар бейтаптарды кабыл алууда. Жеке сектордун колдоосу менен мэриянын стационарларында 36 кычкылтек концентратору орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий