• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда көпчүлүк учурда жүрөк кемтиги менен ооруган балдар көз жумат

Ден соолук 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен ооруган балдардын көбү көз жумат. Мүмкүн мындай жагдай өлкөнүн бийик тоолуу шартта жайгашкандыгына баланыштуу. Бул туралуу КРнын саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТ) өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири. ЖКТ оорулары өлкөдө бир жылда каза болгондордун 52%ын түзөт. Республиканын жарандарынын өлүшүнө жана майып болушуна көп учурда жүрөк оорулары, кан басым жана цереброваскулярдык оорулар себеп болот.

Андан тышкары улгайган адамдардын эмгекке жарамсыз болуусуна көп учурда ЖКТ оорулары себеп болот. Биринчи майыптыкка алып келүүчү оорулардын тизмесинде ЖКТ оорулары 19%ды түзөт. Бул көрсөткүч башка оорулардын көрсөткүчтөрүнүн ичинен бир кыйла көп.

“Ошондой эле жаш балдар арасындагы өлүмгө дуушар болгондордун көбү жүрөк кемтиги менен ооругандар. 2017-жылындагы балдар өлүмүнүн 19,3% тубаса аномалиялар менен төрөлгөндөр түзөт. Бул көрсөткүчтөр жылдан жылга өсүп келет. Ошондой эле жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын санынын өсүүсү өлкөнүн бийик деңгээлде жайгашкандыгы болушу мүмкүн. Анткени Кыргызстандын 2/3 бөлүгү дарыя деңгээлинен 1,5 миң метр бийиктикте жайгашкан. Тоодо төрөлгөн балдардын арасында өрөөндөрдө төрөлгөндөргө караганда жүрөк кемтиги менен төрөлүү коркунучу 4-6 эсеге көп”, - деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Ошол себептен жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын оорусун башкы этабында аныктоо үчүн илимий-практикалык экспедицияларды жүргүзүү абзел.

Биринчи кезекте бул иш-чаралар аймактарда өтүшү керек.

“Ошол максатта кыргыз-кытай изилдөө борборун ачуу пландалууда. Улуттук кардиология борбору жана кытайлык Хебей Медициналык университети ортосунда Меморандумга кол коюлду. Бул келечекте оорулууларды дарылоодо жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана бул чөйрөдө мыкты адистерди даярдоого жол түзөт”, - деп кабарлашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий