• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда аялдар 3 күн акысыз онкологиялык ооруларга текшериле алат

Ден соолук 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-январынан 27-январына чейин Чүй облусунун айрым медициналык мекемелеринде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт.

Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришкендей, 3 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.

Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, Энергетиктер шаарчасы, Зеленая көчөсү, 1 дарегине (стоматология имараты, №1, 2, 3 кабинеттери) саат 12:00дөн 16:00гө чейин кайрылса болот.

Ден соолукту чыңдоо борборунан белгилешкендей, аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты - онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий