• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууга киришти

Ден соолук 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык бюросунун аймактык өкүлчүлүгү менен биргеликте 9-10-март күндөрү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу боюнча өлкөнүн негизги мүмкүнчүлүктөрүнө биргелешкен тышкы баа берүү боюнча багыттоочу кеңешме өткөрүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүгө тартылган министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери катышты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев биргелешкен тышкы баалоо өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин белгилеп, ошондой эле жыйындын катышуучуларын ыкманы бардык тобокелдиктерди эске алуу менен колдонууга чакырды – булар жугуштуу оорулар, тамак-аш коопсуздугу, микробго каршы препараттарга туруктуулук жана башкалар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа Регионалдык бюросунун Кыргызстандагы атайын өкүлү Шахин Хусейнов Кыргызстан биргелешкен тышкы баалоону экинчи ирет жүргүзүп жаткан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү алгачкы өлкө экенин, бул өлкөнүн ден соолук коопсуздугун камсыздоо тармагындагы потенциалын жогорулатууга умтулуусун айгинелерин баса белгиледи. Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму планды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтөт.

Биргелешкен тышкы баалоо Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттери тарабынан ушул жылдын июнь айында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий