• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жапа чеккендер коронавирустан кийин кантип калыбына келиши керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 03.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, 26 жаштан жогору болгон жарандардын 46 пайызынын кан басымы жогору. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирус менен ооругандардын көбү жүрөк-кан тамыр оорулары менен жапа чеккендер. Ооруканалардын айыгып чыккандар кайра калыбына келиши үчүн айрым көнүгүүлөрдү жасоо керектелет.

"Ооруканадан чыккандан кийин 7-14 күн үйдө изоляцияда болушат. Ал күндөрү жөн отурбай калыбына келүү программасын аткарышы керек. 14 күн өткөн соң, мүмкүнчүлүк болсо атайын калыбына келүү мекемелерине барса болот. Ал мекемелерге баруу үчүн үй-бүлөлүк дарыгердин уруксаты керек. Санаторийге барбай калган жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар 3 негизги багытта калыбына келүү программасын аткарышы сунушталат. Алар туура тамактануу, дем алуу көнүгүүлөр жана физикалык машыгуулар", - дейт ал.

Сарыбаев белгилегендей, жүрөгү ооруган жарандар жашылча-жемиштерди көп жеши керек (күнүнө 400 граммдан кем эмес), туздуулугу аз тамактар (бир күндөгү нормасы 5 гр); күнүмдүк тамактардын өлчөмүн көзөмөлгө алуу жана суюктукту чектөөсү (күнүнө 1 – 1,5 литр) шарт.

"Кан басымын жана салмагын ченеп турушу керек. Кан басымы же салмагы көтөрүлө турган болсо, үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылуусу зарыл. Дем алуу көнүгүүлөр: терең дем алып, абаны чыгаруу узактыгы 2-3 эсе дем алгандын узактыгынан көбүрөөк болушу керек. Аны саат сайын 5-10 мүнөт кайталоо зарыл. Экинчиси, курсак менен дем алуу: абаны өпкөгө эмес, курсакка түшүрүү жана демди толук чыгаруу", - деди ал.

Кардиолог кошумчалагандай, физикалык машыгуулар: жаран ооруканадан чыгып жатканда, физикалык активдүүлүгүнүн ден соолукка зыян болбогон деңгээлин билиши керек.

"Жеңил чуркоо, велосипед тебүү, жөө басуу жана сууда сүзүү сунушталат. Машыгуунун алдында ар бир адам жүрөк кагышынын тездигин, кан басымын жана дем алуунун тездигин ченеши керек. Көнүгүүлөр бүткөндөн кийин кайра ченөө керек. Эгер адамдын дене табы көтөрүлгөн болсо (37-38ден жогору), жүрөктүн согушу мүнөтүнө 100дөн көп болсо, дем алуунун тездиги мүнөтүнө 30дан жогору болсо жана сатурация 93%дан кем болсо машыгууга болбойт. Кан басымы көтөрүлүп же түшүп кетсе, баш айланып, алсыроо байкалса машыгууну дароо токтотуш керек. Ошондой эле ичип жаткан дары-дармектерди көзөмөлдөп турууну да эстен чыгарбоо зарыл", - деп баса белгиледи Сарыбаев.

Пикир

Оставить комментарий