• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көчмө кичи-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу сапары менен Кемин районуна барды. Бул туралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда министр көчмө кичи-диагностикалык комплекстин ишинин жыйынтыгы менен таанышты. Аталган комплекс өткөн жылдын ноябрь айынан бери Кемин районунун жана ага жакын райондордун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрүп келет.

"Көчмө диагностикалык комплекс Чүй облусунда ишин аяктап, бүгүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Жакынкы арада Ысык-Көл облусунун Түп районунда өз ишин баштайт", - деди ал.

Комплекстин ишине жооптуу адистердин айтымында, 20 миңден ашуун жашоочулар ар кандай тармактагы медициналык адистерден кеңеш ала алышкан.

Мындан сырткары, 1599 адам гинекологго, 2136 адам окулистке, 1393 адам отоларингологго, 1990 адам невропатологго, 1859 адам кардиологго, 1998 адам УЗИден, 6203 адам стоматологго, 6203 адам гинекологиялык текшерүүдөн өтүп, гастроэнтерологго - 344 адам, хирургиялык көзөмөлдөн өтүүгө - 1526 оорулуу кайрылган. Ошондой эле 435 аял маммографиядан, 909 адам компьютердик томография кызматынан, 226 адам гастроскопиядан, 29 адам цитоскопиядан жана 753 адам рентгенден өткөн, 2080 адамга лабораториялык кызмат көрсөтүлгөн.

Мобилдик операциялык бөлмөдө 148 кичи операция жасалган, анын ичинен 123 офтальмологиялык жана 25 башка ар кандай операциялар.

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, министрлик оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат.

"Мобилдик мультидиагностикалык комплекстин иши бөлүмдүн өлкө жарандарынын ден соолугун коргоо жана оорулардын алдын алуу алкагындагы ишинин оң натыйжаларынын бири", - деди ал.

Кемин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Айгүл Курманалиева комплекстин жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, райондун акиминин атынан ыраазычылык кат тапшырды.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга макулдашылган жана ушул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү май жана дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору, мындан тышкары калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.

Пикир

Оставить комментарий