• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында төрөт үйү 250 орунга көбөйтүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү 250 орунга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Кош бойлуу аялдарга жана төрөгөн аялдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, башка багытта колдонууга өтүп кеткен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн имараттарынын бири кайра кайтарылат. Буга чейин стационардын ал имаратында С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы жайгашкан.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилиги Шаятбек Абдурхмановдун айтымында, жыл сайын шаардык клиникалык оорукананын төрөт үйүнө кайрылгандардын саны көбөйүп, Ош шаарынын кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн керебеттердин жетишсиздиги кескин байкалууда.

“Биздин төрөт үйүбүз Ош шаарынын гана эмес, Ош облусунун тургундарын да кабыл алат. Биздин 185 орундуу төрөт үйүбүздө 2020-жылы - 10 672, 2021-жылы - 11 982, 2022-жылы - 13 041, ал эми 2023-жылдын 6 айында 9 229 төрөт катталган», - деп белгиледи Шаятбек Абдурахманов.

Белгиленгендей, мындай чечим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Анда түштүк борбордун жашоочулары менен жолугушууда кош бойлуу аялдар үчүн орундарды көбөйтүү маселесин кароо өтүнүчү айтылган. Имарат бошотулгандан кийин төрөт үйүндөгү керебеттердин саны 250 орунга чейин көбөйөт. ОШКОнун директоруна кошумча керебеттерди уюштуруу иштерин тез арада жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кошумчалай кетсек С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жатаканасынын имаратына көчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий