• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Камчыбек Ташиев УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты

Коом 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрында капиталдык оңдоодон кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жаңы имарат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан салтанаттуу ачылды. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти.

Аны менен катар УКМК төрагаcы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга 2023-жылдын 4-октябрында УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди.

Ошондой эле төрага сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий