• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коопсуз шаар: Бир айдын ичинде 15,4 миң айыппул чогултулду

Коом 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында акыркы айда 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул чогултулду. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Анын айтуусунда, бир айда 40 миң 586 бузуу аныкталган, анын ичинен алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде төлөнгөн.

Шаршенбиев билдиргендей, камера коюла турган 110 кесилиштин 38и калды.

"Ишти 10-майга чейин аяктоону пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө ишти 2 жума мурун бүткөрү тапшырмасы коюлду", - деди ал.

Экинчи долбоор боюнча учурда 314 точка аныкталды. Анын ичине 7 облус, республикалык маанидеги 2 шаар, райондук маанидеги 16 шаар кирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз кезегинде билдиргендей, "Коопсуз шаардын" максаты каражат табуу эмес, тескерисинче айдоочулардын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, бир айда бузуулардан түшкөн каражаттын суммасы - 20 млн. 202 миң сомду же 36,5%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий