• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-июлдан тарта Бишкек жана Оштон интернет аркылуу патент сатып алууга болот

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында Мамлекеттик салык кызматы сайт аркылуу электрондук түрдө патент берүү боюнча сынамык долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ведомсвтонун басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жаңы кызмат патентти аралыктан, башкача айтканда МСКнын сайты аркылуу тариздөөгө мүмкүндүк берет, бул милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө алектенген жалданма жумушчуларга патент жана ыктыярдуу, милдеттүү патенттерди алуу жараянын жөнөкөйлөтөт.

Салык төлөөчүлөр ар бир жолу салык органына барбастан, кеңсесинен (соода жана кызмат көрсөтүү түйүнүнөн) же үйдөн чыкпай туруп интернет аркылуу каалаган убакытта патент сатып ала алат. Ал эми патент үчүн акыны терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн башка түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда патент берүүнүн колдонуудагы тартиби салык төлөөчүлөрдүн бир топ убактыларын (патент берүү пунктуна келүү, ага жана кассада кезекте туруу, кайра кеткендеги жол убактысы) алат жана салык органына барбай туруп, ошондой эле өзүнө ыңгайлуу мезгилде патент сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Сынамык долбоорду аяктагандан кийин – 1-августтан тарта, башка аймактардагы ишкерлер да салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишмердигин ишке ашырууга патент сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий