• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы Осмонов көчөсүн асфальттоо иши жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Осмонов көчөсүн асфальттоо иши жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн кеңдиги 14 метрди, узундугу 1,9 чакырымды түзөт. Аталган көчөгө 2 катмар асфальт төшөлүп, эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Ушул тапта Жалал-Абад шаарындагы Курманбек, Михаил Бабкин, Малашев көчөлөрүн реконструкциялоо иштери да жүрүүдө.

Белгилей кетсек, калаада быйыл жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий