• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги футболдук турнир уюштурду

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-августунда мааракелик датаны майрамдоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган футболдук турнирди уюштуруп өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Турнирге Кытайда катталган дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, чет элдик достор жана элчиликтин өнөктөштөрү катышты.

Турнирдин алкагында катышуучулар ошондой эле КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «кыргыз элинин табияты, маданияты жана үрп-адаты» фото көргөзмөсү менен да таанышышты.

Иш-чаранын соңунда салтанаттуу аземдин алкагында – жеңүүчү командаларга жана катышуучуларга кубоктор, медалдар жана белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий