• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызамыкка каршы эмдөө киргизилгенге чейин дүйнөдө жылына 2,5 млн чейин өлүм катталып келген - ДССУ

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. 1963-жылы кызамыкка каршы эмдөө киргизилгенге чейин дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 2,5 миллионго чейин өлүм учуру катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Ливиу Ведраско билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк учурда өлүм учуру 5 жашка чейинки балдар жана 30 жаштан жогорку чоңдор арасында оору өтүшүп кеткенден улам болуп келген. Оорунун өтүшүп кеткен учурларына көрбөй калуу, энцефалит жана дем алуу жолдорунун оор инфекциялары кирген.

"Бирок 2019-жылы COVID-19 эпидемиясынан улам, андан кийинки жылдары дагы ар кандай себептерден улам дүйнө жүзү боюнча кызамыкка каршы эмдөө азайган. Алсак, 2021-жылы дүйнөдө эмдөөдөн өтпөгөн 40 млн бала катталган, бул рекорддук сан. Өз кезегинде 2021-жылы 9 миллионго жакын учур катталып, анын 128 миңи каза болгон. Жыйырма эки өлкөдө оорунун масштабдуу жана кыйратуучу жайлары байкалган. Кызамык оорусуна каршы эмдөө камтылышынын жана көзөмөлдөөнүн кыскарышы, ошондой эле акыркы жылдарда COVID-19га байланыштуу дүйнө жүзү боюнча эмдөөлөрдүн үзгүлтүккө учурашы оорунун дүйнө үчүн дагы деле коркунуч туудуруп жатканынан кабар берет", - деди ал.

ДССУнун өкүлү кызамык бүтүндөй калкка, атүгүл эл аралык чек арадан өтө тез жайылып кетиши мүмкүн экенин белгиледи. "Бирок бактыга жараша, бул ооруну эмдөө аркылуу 100% алдын алса болот. Буга байланыштуу ДССУ Кыргызстандын жарандарын эмдөөдөн өтүүгө жана оорунун алгачкы этаптарында алдын алууга чакырат", — деп сөзүн жыйынтыктады Ливиу Ведраско.

Пикир

Оставить комментарий