• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: "Канал-Перехват" операциясынын жүрүшүндө 68,6 кг баңгизат алынды

Коом 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 11-15-сентябрда Кыргызстандын аймагында баңгизатка каршы эл аралык "Канал-Перехват" операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган операцияга 2240 укук коргоо кызматкерлери (ички иштер органдары, коопсуздук органдары жана чек ара кызматтары, бажы акызматтары) тартылган.

"Канал-Перехват" операциясынын жүрүшүндө өлкө аймагында 24 баңгикылмышы катталып, алар боюнча 26 адам кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 кг 640 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттардын бардык түрлөрү алынды, алардын ичинен:

- 32 кг 210 гр гашиш;
- 31 кг 340гр марихуана;
- синтетикалык баңгизаттар: альфа PVP, мефедрон, 4кг 247гр- MDMA экстазы.

Операциянын жүрүшүндө баңгикылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 2 адам кармалып, 5 ок атуучу курал алынган.

Бул аралыкта республика боюнча учкучсуз учуучу апараттардын комплекстерин пайдалануу менен 16 ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунда баңги топтун ишмердигине бөгөт коюлуп, салмагы 2 кг 105 гр болгон афган түспөлүндөгү “гашиш” баңги каражаты менен активдүү мүчөсү кармалган.

Кызматтык издөө иттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагына баңгикаражаттардын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз ташылып кирүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында республиканын автожол-өткөрүү пункттарында 100дөн ашык автотранспорт каражаттары (Фура), ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүүчү башка автотранспорт каражаттары текшерилип чыккан.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында 11-12-сентябрь күндөрү ИИМдин БМЖКККнын кинологиялык борборунун кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык иттери менен биргеликте, Кыргызстандын жана Казакстандын ИИМнин кинологиялык кызматтарынын эл аралык машыгууларына катышып, анын жүрүшүндө объектилерде ("Казпочта" АО) баңгизаттарды издөө боюнча практикалык иш-чараларды биргелешип өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий