• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Мобилдүү клиниканын дарыгерлери Нарындагы 2 миңге жакын тургунду текшеришти

Ден соолук 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Мобилдүү клиниканын дарыгерлери Нарын облусунун Ат-Башы жана Жумгал райондорундагы жарандарга ар түрдүү медициналык кызматтарды көрсөтүшүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, эки күндүн ичинде адистер 1 миң 865 адамды кабыл алган.

Баардык кайрылгандарга медициналык кеңеш берилип, бейтаптардын абалына жараша дарыланууну улантуу үчүн тиешелүү ооруканаларга багыт берилди.

Ал эми бүгүн мобилдик топтор ишин Кара-Суу, Чаек айылдарында улантууда. Кийинки иш Ат-Башы районунун Талды-Суу, Ак-Муз айылдарында, Жумгал районунун Чаек жана Кызарт айылдарында уланат.

Пикир

Оставить комментарий