• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы келет

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ЖККУнун интернет булактарындагы расмий сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуулары пландалган.

Белгиленгендей, бул Тасмагамбетовдун ЖККУ башкы катчысы катары Бишкек алгачкы сапары.

Пикир

Оставить комментарий