• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда октябрдан тарта чочко тумоосунун 118 учуру аныкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери чочко тумоосунун 118 учуру лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек, Ош, Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен оорунун стандарттык аныктамаларына ылайык, бейтаптар сасык тумоого карата текшерүүдөн өтөт.

Октябрдан тарта азыркы учурга чейин бардыгы болуп 1 миң 149 үлгү текшерилди, анын ичинен 246сы сасык тумоого оң натыйжа көрсөткөн, анын ичинен:

- А/H1N1pdm тумоосу (чочко) 48% (118),

- В тумоосу – 41,5% (102),

- Типсиз тумоо– 7,3% (18),

- А/Н3N2 тумоосу - 1,2% (3),

- H1N1сезондук тумоосу - 2% (5).

- COVID-19 – 38 .

Пикир

Оставить комментарий