• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кардиологдордун илимий-практикалык жыйыны өтүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Улуттук крадиология жана терапия борборунда 30-31-мартта жүрөк ооруларын дарылоо багытындагы дарыгерлердин жана окумуштуулардын күч-аракеттерин бириктирүүгө арналган “Миррахимдик окуулар” илимий-практикалык жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө катышуучулар медицинанын заманбап жетишкендиктери, жаңы диагностикалык жана дарылоо технологиялары тууралуу маалымат алышат. Бул дарыгерлердин күнүмдүк ишинде жергиликтүү калкка адистешкен медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Ведомствонун маалыматы боюнча, илимий конференция жыл сайын окумуштуу-клиницист жана академик Мирсаид Миррахимовдун элесине арналып өткөрүлөт. 2017-жылы 27-мартта М.Миррахимов 90 жашка чыкмак.

ССМ бул жыйынга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Швейцария, Росссиядан окумуштуулар, дарыгерлер катышып жаткандыктан эл аралык мааниге ээ экендигин белгиледи.

“Жыйындын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер жана кардиологдор мектеби өткөрүлөт. Ошондой эле, дары-дармек каражаттарынын көргөзмөсү өтөт. Мындан тышкары, кардиология, ички жана тоо медицинасы тармагындагы жаңы диагностикалык жана дарылоо технологияларына байланыштуу маселелердин талкууланышы белгиленүүдө”, - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий