• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 298 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ден соолук 0

Бишкек, 01.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы жыл түнү 298 ымыркай жарык дүйнөгө келди, алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 165 – эркек, 133 – кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген.

"Бишкек шаарында 22 эркек, 24 кыз төрөлдү. Алгачкы төрөт Ош шаарында катталып, салмагы 3,300 кг болгон эркек бала жарык дүйнөгө келди. Ал эми саат 00:05те Ысык-Ата районундагы жалпы практикалык дарыгерлердин борборунда салматы 3,450 кг болгон эркек бала төрөлдү, ошондой эле саат 00:10до Сокулук райондук ЖПДБда салмагы 3,175 кг болгон кыз дүйнөгө келди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий