• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир адам бир районго жооп берет. Саламаттык сактоо уюмдары оптималдаштырылат

Ден соолук 0

Бишкек, 22.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө саламаттык сактоо уюмдары оптималдаштырыларын билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо уюмдарын оптималдаштыруу боюнча өкмөттүн "Дени сак адам — өнүккөн өлкө" программасын жүзөгө ашыруунун 2019-2023-жылдарга карата иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

"Аталган иш-чаралардын алкагында аймактык үй-бүлөлүк медицина борбору, аймактык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана тиш дарылоочу поликлиникаларды бириктирүү пландаштырылууда. Оптималдаштырууда географиялык жана демографиялык жактар эске алуу менен жүргүзүлөт. Учурда Кыргызстанда 356 саламаттык сактоо уюму бар. Алардын ичинен 49у үй-бүлөлүк медицина борбору, 17си өз алдынча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 135и стационар. Стационардын ичинен жетөө облустук бириккен оорукана, 40 аймактык оорукана, 29 жалпы дарыгерлик практика борбору. Ошондой эле 41 коомдук саламаттык сактоо уюму бар. Өлкөдөгү 125 деңгээлдеги саламаттык сактоо уюму оптималдаштырууга таандык", - дейт ал.

Бейшеналиев оптималдаштыруунун себебин бир эле райондо аймактык оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, тиш дарылоочу поликлиника жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашканы менен түшүндүрдү.

"Ар бир кичинекей аймакта 3төн 8ге чейин башкы дарыгер бар. Пандемия учурунда кимден сурай турганыбызды билбей калдык. Себеби бир райондо бир нече башкы дарыгер бар. Баары бириктирилип, оптималдаштырылат. Мисалы рентген алсак, бир райондогу бардык медициналык мекемеге беришибиз керек болуп жатат. Ар бирине бериш үчүн 50 жыл керектелет. Ал эми рентген жетиштүү деңгээлде иштетилбей калат. Мындан ары бирден гана беребиз. Ошол эле учурда бир адам бир аймакка, районго жооп бере тургандай кылып жатабыз", - деди ал.

Министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, оптималдаштыруудан медиктердин саны кыскарбайт.

"Анткени алардын саны жетишсиз. Айрымдары эки нөөмөттө иштейт. Кыргызстанда 16 миң медкызматкер керектелсе, 13 миңи гана иштейт", - деп айтат Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий