• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара чыры. Баткендин тургундарына жеринде психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 15 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Лейлек районунда сегиз, Баткенде эки, Кадамжай районунда үч, Боз-Адыр айылында эки адис жардам көрсөтүүдө.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунан 8 дарыгер жардам көрсөтүү үчүн учуп кетти.

Ошондой эле эвакуацияланган тургундарга жеринде психологиялык жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунан дагы кошумча 5 адис Баткен облусуна жөнөп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий