• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук госпиталда заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди

Ден соолук 0


Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда алдыңкы ангиографиялык комплексти ачуу жана ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана дарылоого арналган бул жабдуу өлкөдө саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга чоң салым болот.

Министр Баатырова өз сөзүндө өлкө КР президенти жана министрлер кабинетинин жигердүү колдоосунун аркасында саламаттыкты сактоо тармагында жаңылануу жана өнүгүү уланып жатканын белгиледи. Заманбап ангиографиялык комплекстин орнотулушу бейтаптарга жеке клиникаларга барбастан, жеринде жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул кан тамыр ооруларын диагностикалоого кеткен чыгымдарды бир топ кыскартып, бардык жарандарыбыз үчүн жеткиликтүү шарттарды камсыздайт.

Министр ошондой эле Дүйнөлүк банкка жана “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбооруна саламаттыкты сактоо тутумуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул каржылоонун аркасында дарыгерлерге кан тамырларды тез жана так текшерүүгө жана диагностикалоого, ар кандай ооруларды жана кан айлануу бузулууларын деталдуу сүрөткө тартууга жана аныктоого мүмкүндүк берген заманбап жабдууларды ала алдык.

Жаңы ангиографиялык комплекс кыймылдуу С формасындагы арканы, ангиографиялык столду, генераторду жана нур чагылдыргычты, детекторду, маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана сактоо үчүн санариптик көп милдеттүү системаны, мониторлорду жана рентгендик операциялык бөлмөдө жана пульттук башкаруу модулдары жана башка кошумча жабдууларды камтыйт. Жабдуулар оорулуунун денесинин ичинде хирургга визуализация жана навигация куралы катары кызмат кыла алат. Ошентип, ангиографиялык комплекс татаал интервенцияларды жана хирургиялык операцияларды жогорку тактык жана коопсуздук менен аткаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Пикир

Оставить комментарий