• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Студенттер бейтапканасында мамлекеттик дарыкана ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда Студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дарыкананын ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин ушул темп менен жалпы дарыканалардын санын 100гө жеткирүүнү пландап жатабыз. Дарыканаларда дары-дармек каражаттарынын ассортименти 1500 фирмалык аталышты түзөт. Жеткиликтүү баа, түрдүү ассортимент жана мындай дарыканалардын кеңири жайылтылышынын аркасында жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жана өлкөдө ден соолуктун жалпы деңгээлин жогорулатуу", - деди Бейшеналиев.

"Эл Аман" дарыканасы маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дары-дармектерди өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алышат дегенди билдирет. Мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.

Маалымат үчүн: 2023-2024-окуу жылында Студенттердин шаардык дарылоо-профилактикалык клиникасы 26 ЖОЖ жана 34 орто окуу жайларын тейлейт, тейленүүчү студенттердин жалпы саны 92 миң 256 түзөт, анын ичинен 66 миң 953 (72,8%) жети облустан келген студенттер жана 2 миң 430у (2,64%) кошуна мамлекеттерден (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана жарым-жартылай Түркия) келген чет элдик студенттер, алар биздин студенттер менен бирге окуп, биздин жарандар менен бирдей негизде медициналык кызмат алышат.

Пикир

Оставить комментарий