• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө. Мэрия ҮМБнын номерлерин эскертет

Ден соолук 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен кайрылган бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары ҮМБнын иштөө графигине ылайык дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00дөн 18:00 гө чейин жана жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки мөөнөттө иштейт.

Эскерте кетсек, саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт. у Кайрылгандар амбулатордук консультациялык жардам ала алат.

"Оорунун алгачкы белгилери байкалганда алдын алуу чараларын көрүү керек (беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, көп адамдар чогулган жерлерге барбоо, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу, жайларды тез - тез желдетүү ж.б.), Ошондой эле дарыгерге кайрылуу керек, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия-тез жана туруктуу айыгуунун натыйжалуу жолу болуп саналат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефон номерлери:

  • №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
  • №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
  • №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
  • №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
  • №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
  • №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
  • №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
  • №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
  • №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
  • №10 ҮМБ - 0312 67 82 74.

Пикир

Оставить комментарий