• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдан Кыргызстанга COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү дары-дармектер келди

Ден соолук 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү дары-дармектер келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилигинин дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаментинен билдиришти.

Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаментинен билдиришкендей, коңшу мамлекеттен COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү антикоагулянттар тобунан эки түр дары келген - эноксапарин (42 миң 930 даана) жана нандропарин (33 миң даана), ошондой эле COVID-19ду дарылоодо колдонулган 105 миң даана суюк дары-дармек.

Келген жүк Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаментинин кампасына жөнөтүлөт.

Мамлекеттин эсебинен алынып жаткан дары-дармектер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылаган саламаттык сактоо мекемелери арасында бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий