• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлигинде кезекке турган 174 жаран гемодиализ ала баштады - Калыков

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде кезекке турган 174 жаран гемодиализ кызматын ала баштады. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков брифингде билдирди.

Анын айтымында, гемодиализ кызматына акы төлөөгө 757,2 млн сом каражаты каралган.

“Ал кызмат 22 жеке менчик борбордо жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлөт. Учурда ММКФнын базасында 1 миң 408 бейтап эсепке алынган. Жыл башынан бери 90 миң 700 сеанс алышкан. Көрсөтүлгөн кызмат үчүн гемодиализ борборлоруна 426,4 млн сом акча төлөнүп берилди”, - дейт ал.

Калыков маалымдагандай, ММКФдан бөлүнгөн 75 млн сомго өкмөттүн 2020-жылдын 12-июнундагы буйругуна ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинде кезекке турган 174 бейтап гемодиализ кызматын ала баштады.

“Алар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун электрондук маалымат базасына гемодиализ кызматын алуу үчүн киргизилди”, - деди Калыков.

Пикир

Оставить комментарий