• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУдагы туруктуу өкүл Аида Касымалиева Юта штатынын университетинде лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Юта штатынын Университетинде "Кыргызстан тарабынан БУУда тоо күн тартибин илгерилетүү: Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деген темада лекция окуду.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, ал сөзүндө келген профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге Кыргызстандын тоолуу күн тартибин, анын ичинде эл аралык коомчулуктун тоолуу өлкөлөр туш болгон көйгөйлөр боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана бул чакырыктарды чечүү боюнча эл аралык аракеттерге жаңы дем берүүгө багытталган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы демилгесин илгерилетүү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, ал 2027-жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын кабарлады.

Туруктуу өкүл Аида Касымалиева Юта штатынын университети менен Кыргызстандын академиялык мекемелеринин АКШ жана бүткүл дүйнөдө, анын ичинде БУУДа тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү ишке ашырууга басым жасоо менен биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуудагы жемиштүү кызматташтыгын белгиледи.

Лекциянын соңунда билим берүү программалары аркылуу тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү биргелешип илгерилетүү максатында Юта штатынын университети, Кентукки штатындагы Асбури университети жана Ош технологиялык университетинин ортосундагы үч тараптуу өнөктөштүктүн инаугурациясы болду. Үч университеттин студенттери Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын 2003-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 11-декабрда дүйнө жүзүндө белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүн биргелешип майрамдашты.

Пикир

Оставить комментарий